• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Орусия менен Казакстан мунай өндүрүшүн көбөйтүүнү сунушташты

6 Үчтүн айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Орусия менен Казакстан ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөрдүн 4-январда өткөн жолугушуусунда февралда мунай өндүрүшүн көбөйтүүнү сунушташты. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, ошол эле маалда Ирак, Нигерия жана Бириккен Араб Эмираттары өндүрүштү туруктуу деңгээлде кармап туруу керектигин билдиришти.

Сауд Арабиясынын энергетика министри Абдулазиз бен Салман коронавирустун жаңы штаммы тездик менен жайылып жатканына байланыштуу ОПЕК+ өлкөлөрүн мунай өндүрүшүн көбөйтүүгө кылдат мамиле кылууга чакырды.

Иш жүзүндө ОПЕК уюмунун лидери деп эсептелген Сауд Арабиясынын Орусия менен мунай өндүрүү квотасы боюнча март айында болгон пикир келишпестигинен улам күйүүчү майдын баасы акыркы он жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткен. Апрелдин ортосунда ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр коронавируска байланыштуу мунайга суроо-талап болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткендиктен, анын өндүрүшүн суткасына 9,7 миллион баррелге азайтуу боюнча макулдашкан.

Андан бери ОПЕК+ мунайга болгон суроо-талап акырындык менен калыбына келе баштагандыктан, квотаны бир нече жолу көбөйткөн.

Декабрдагы жолугушууда ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр суроо-талап жогорулашы мүмкүн деген божомол менен мунай өндүрүшүн суткасына 500 миң баррелге көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алып, өндүрүш планы боюнча ай сайын жолугушуп турууну макулдашкан.

4-январда мунай базарын изилдөө менен алектенген Rystad Energy компаниясынын өкүлү Бьорнар Тонхауген май айына чейин дагы бир жолу мунай өндүрүшүн көбөйтүү бааларга терс таасирин тийгизе турганын билдирди.

Количество просмотров: 53