• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Орусия менен Украинанын Тышкы иштер министрлери жолугушту

10 Жалган куран 202217:21 Бишкек Govori.TV

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Түркияда жолукту.

Министрлердин сүйлөшүүлөрү Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында өтүп , ага Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты.

Эки өлкөнүн министрлери Беларуста өткөн орус-украин делегацияларынын үч раунддук сүйлөшүүсүнөн кийин жолугушту.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев тынчтык үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына даярданарын айткан.

Эске салсак, 24-февралда Орусия Украинага аскердик операциясын баштаган

Количество просмотров: 170