• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Орусияда 69 жаштагы коргоо министринин мурдагы орун басары Булгаков кармалды

26 Теке 202419:55 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Коргоо министринин логистика боюнча жооптуу болгон мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Москвада кармалып, камакка алынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Булгаков Коргоо министрлигинен апрель айынан бери камакка алынган жетинчи жогорку даражалуу адам болуп калды. Атайын кызмат бул иштин чоо-жайын тактаган жок. Орусиянын Тергөө комитети 69 жаштагы генерал Булгаковдун камалышы боюнча маалымат берип, бул “коррупциялык мүнөздөгү” кылмыш иши экенин гана белгилеп, чоо-жайын тактаган жок. Соттун чечими менен мурдагы министрдин орун басары Москвадагы Лефортово СИЗОсуна камалды.

Армия генералы Булгаков 2008-жылдан 2022-жылдын сентябрына чейин Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. Ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүн материалдык-техникалык жактан камсыздоого жооптуу болгон. 2016-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.

Буга чейин ири көлөмдөгү пара алууга шек саналып коргоо министринин мурдагы орун басары Тимур Иванов жана министрликтин кадрларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-лейтенант Юрий Кузнецов камалган.

Ал эми май айында Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Вадим Шамарин колго түшкөн. Ал да ири көлөмдөгү пара алууга шек саналып жатат.

17-майда генерал-майор Иван Попов кармалган. Тергөөнүн версиясына караганда, ал Запорожье багытында тосмолорду курууга бөлүнгөн 1700 тонна металлды кымырып алууга шектелүүдө. Июль айынын ортосунда ал үй камагына чыгарылган.

Теги:
Количество просмотров: 227