• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда үч ай мурдун өлтүрүлгөн өзбекстандык жарандын сөөгү табылды

25 Кулжа 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ленинград облусуна караштуу Кировский районунда табылган башы кесилген кишинин сөөгү Өзбекстандын жаранына таандык. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Маалыматка караганда, сөөктү 15-июнда дарыя жээгинде сууга түшүп жүргөн 11-класстын окуучусу көрүп полицияга кабарлаган. Соттук-медициналык экспертиза сөөк ара менен арааланып, мыкаачылык менен үч ай мурун өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Маркумдун тек-жайы жасалма төшү аркылуу аныкталган. Полициячылар импланттагы сериялык номери аркылуу пластикалык операция жасаган клиниканы таап, маркумдун аты-жөнүн табышкан.

Өлтүрүлгөн адам Хатамжонов аттуу 23 жаштагы өзбекстандык жаран болуп чыкты. Ал өзүн трансгендер катары сыпаттап жүргөн. Чөйрөсүндө «Тамара» деген ат менен белгилүү болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 496