• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда иштеп жүргөн мигранттар айлыгын ала албай убара

23 Жалган куран 2018 15:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV

Оруссияда иштеп жүргөн миңден ашык кыгыз мигранттары  айлык акысын ала албай жардам сурап кайрылган. Бул туурасында бүгүн 23-марттагы телекөпүрө  учурунда мамлекеттик миграция кызматынын орусиядагы  өкүлчүлүгүнун кызматкери Доорбек Абдразаков билдирди.

«2018-жылдын башынан бери орусияда иштеп жүргөн  миңден ашык кыргыз мигранты айлык акысын алабай жатканы боюнча жардам сурап кайрылды» -дейт Абдразаков.

Белгилей кетсек, статистика комитетинин билдирүүсү боюнча бүгүнкү күндө 700 миңден ашуун кыргыз жараны учурда орусияда мигрант болуп иштеп жүрөт. Ал эми коңшу Казакстанда 35 миң, Турцияда 30 миңден ашуун кыргыз жараны мигрант болуп иштеп жүрөт.

Эске салсак, бүгүн 23-мартта борбордо «Орусиядагы Кыргызстандыктардын абалы-каттоодон тарта кош жарандуулукка чейин» деген темада видеокөпүрө болуп жатат.

 

Количество просмотров: 6