Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.
Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишкени тууралуу маалымат тараган. Ал эми бүгүн аталган окуянын видеосу интернетке жарыяланды.
Эске салсак, тарага маалыматтар боюнча белгисиз эки адам ишкер менен мушташып, кийин тапанча менен курсакка жана бутка эки жолу атышкн. Андан кийин кылмышкерлер автоунааларын таштап, из жашырып качып кетишкен. Алган жаратынан улам Камчыбек Каримов ошол жерде жан берген. Ал эми окуя болгон жерде Каримовдун жанынан акча салынган баштык табылган.
Азырынча кылмышкерлер кармала элек.