Орусиянын Амур облусундагы заводдо Кыргызстан менен Тажикстандан келген жумушчулары мушташа кетишкен. Окуянын видеосун «Mash» агенттиги 10-мартта жарыялады.
Окуя 8-мартта мурдагы СССР өлкөлөрүнүн 9 миңдей жараны иштеген «ВелесСтройМонтаж» ишканасынын ашканасында болгон.
«Тажикстандык кызматкерлер Кыргызстандан келген кесиптештерине жакшыраак мамиле кылат деп ойлошот. Тажикстандык жумушчу официант ага салфетка ыргытып жиберди деп ойлоа, ал жооп катары бир нерсе ыргытып жиберген», — деп жазат ЖМКлар.
Кошумчалангандай, администрация иликтөө иштерин баштады.
«Мушташка катышкан бардык жумушчуларды иштен алганы жатат. Ошондон кийин алар депортацияга туш болушу ыктымал», — деп белгилейт басылма.