• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусияда кыргызстандык жигитти көчөдөн атып кетишти

23 Тогуздун айы 2019 16:31 Бишкек Govori.TV

Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Всеволожск районунда кыргыз жаранды көчөдөн атып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 21-октябрда Шувалов көчөсүндөгү №4 үйдүн жанында катталып, анда 24 жаштагы кыргызстандык жигитке ок тийген.

Көчөдө турган кыргызстандык жигиттин жанына 20-25 жаштардагы эки адам келип чылым сурашкан. Тамеки бербегенден соң аны тапанча менен көкүрөк тушуна жана бутуна атып, кетип калышкан. Всеволожск районунун полициясы териштирүү ишин баштаган ,-деп жазылат  маалыматта.

Количество просмотров: 1017