• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусияда мектепте куралдуу кол салуу болуп, бир нече киши өлдү

26 Аяк оона 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ижевск шаарындагы №88 орто мектепте ок атылды. Удмуртия республикасынын башчысы Александр Бречалов окуу жайдын кароолчусу жана бир нече окуучу өлгөнүн кабарлады. Ок чыгарган киши окуядан кийин өзүн-өзү өлтүргөн.

Орусия Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы ок атуудан алты адам өлүп, 20сы жабыркаганын билдирди.

Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы жана анын ким экени аныктала элек. Азырынча ал «кара кийим кийип жүргөнү» гана белгилүү. «Baza» телеграм-каналы кол салуучу Макаров үлгүсүндөгү эки тапанчадан ок чыгарганын жазды. Ал нацистик символика тартылган футболка кийип келгени айтылууда. «112» телеканалы 10 киши өлгөнүн, арасында беш бала бар экенин кабарлады.

Орусияда соңку ирет 2021-жылы октябрда Пермь шаарынын алдындагы Сарс кыштагында 12 жаштагы өспүрүм мектепке мергенчи куралы менен кирип келип, дубалга жана шыпка эки жолу аткан. Эч ким жабыркаган эмес. Өспүрүм кармалган.

Количество просмотров: 1973