• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда тажик мигранттары жашаган вагон күйүп кетти

1 Жалган куран 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Пермь шаарында тажик мигранттары жашаган курулуш вагону күйүп кетти. Күбөлөр окуя 27-февралда болгонун билдиришүүдө.

Алардын айтымында, эч ким жабыркаган эмес, бирок мигранттардын документтери толугу менен күйүп кетти.

“Өрттөн паспорт, иш үчүн алынган патент күйүп кетти. Аларды калыбына кетирүүгө бир нече ай керек болот”, — деди Манус аттуу мигрант.

Өрттүн себеби азыркыга чейин белгисиз. Пермь шаарынын укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

Орусияда айрым тажик мигранттары эч кандай шарты жок вагондордо жашашат, бул – турак жайдын эң арзан түрү. Мигранттардын вагондорун өрт чалган учурлар мурда да болгон. Орус бийлиги анын себебин дайыма коопсуздук эрежелери сакталбаганы менен түшүндүрүп келет.

Булак: Сentralasian.org.

Количество просмотров: 99