• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда TikTok видеосу үчүн кыргызстандыкка кылмыш иши козголду

29 Теке 2022 16:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жараны Орусияда терроризмди актаган деген айып менен козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу болуп калды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Озодбек Ахмаджанов «Тиктокко» үзгүлтүксүз видеолорду жарыялап турган.

Ага карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн “Террористтик аракеттерди жасоого ачык чакыруу, терроризмди ачык актоо же интернетти пайдалануу менен терроризмди пропагандалоо” боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, социалдык тармактагы үч жарыясында жаш жигит эл алдында терроризмге чакырып, «зордук-зомбулук идеологиясын актаган».

Количество просмотров: 668