• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Орусияда жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду

21 Баш оона 202222:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы автожолундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты.

Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч кишинин жарандыгы такталып жатат.

Кырсык Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда, «Урал» трассасында болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөштү. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткандар токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине сүзгөнүн айткан.

Количество просмотров: 623