• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда жол тескөөчүгө пара сунуш кылган кыргызстандык 2,5 жылга шарттуу кесилди

27 Жетинин айы 2019 12:09 Бишкек Govori.TV

Россиянын Кузнецк райондук соту Кыргызстандын 52 жаштагы жаранын 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 2,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул тууралуу «ПензаИнформ» маалымат агенттиги жазды.

Ушул жылдын сентябрь айында кыргызстандык жаран мас абалда жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Патрулчу айдоочудан унааны токтотууну талап кылганда, ал баш ийген эмес. Кыргызстандын жараны кармалып, ал инспекторго 15 миң рубль пара сунуштаган. Ал эми инспектор акчадан баш тартып, айдоочу акчаны анын унаасына калтырып кеткен.

«Инспектор кыргызстандык айдоочуга пара үчүн жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткенине карабай, акчаны алып кеткен эмес. Жол тескөөчү бул окуя тууралуу нөөмөт бөлүмүнө билдирген», — деп жазды басылма.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 86