Орусияда 15-марттан 17 -мартка чейин өткөн президенттик шайлоонун алдын ала эсептөөлөрү боюнча Владимир Путин алдыда баратканы жарыяланды.
Маалыматтар боюнча, добуш берүүлөрдүн 99%ы саналып бүтүп, шайлоочулардын 87,34%ы Владимир Путинди колдогон.
Коммунистик партиядан ат салышкан Николай Харитонов добуштардын 4,30% добуш алды, ал эми «Новые люди» партиясы көрсөткөн Владислав Даванковго шайлоочулардын 3,80%ы добуш берген. Либерал-демократтар партиясынан жарышка чыккан Леонид Слуцкий добуштардын 3,17% на ээ болду.