Кечээ, Москванын түндүк райондорунун биринде Toyota Land Cruiser автомашинасына отуруп жаткан учурда жарылуу болгон. Эки адам жараат алып, ооруканага жеткирилген. Бүгүн ошол жардырууга тиешеси бар орусиялык жаран Түркияда кармалганы түрк ички иштер министри Али Ерликая билдирди.
Министр шектүүнүн аты-жөнү Евгений Серебряков экенин, ал Түркияга Москвадан учуп барганын жана Мугла провинциясында колго түшүрүлгөнүн айтты.
Москвада эки киши жараат алган жарылуунун чоо-жайы иликтенип жатканын, «өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун кечээ Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган.