• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орусиядагы жол кырсыгынан тажикстандык эки киши өлүп, бешөө жаракат алды

10 Жетинин айы 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Челябинск аймагында 7-ноябрда болгон жол кырсыгынан Тажикстандын эки жараны мерт болуп, дагы бешөө оор жаракат алды. Алардын үчөө – балдар.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, Казакстандан келе жаркан Toyota Verso минивэни Тюменге баратып, жолдо жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Фуранын айдоочусунун абалы туруктуу деп бааланууда.

Жыл сайын ар кыл кокустуктан, жол кырсыгынан, оорудан жана криминалдан улам Орусияда Тажикстандын жүздөгөн жараны мерт болот. Быйылкы жылдын алгачкы алты айында эле Орусиядан Тажикстанга 480 сөөк жеткирилген.

Количество просмотров: 100