Бишкектин Манас проспекти менен Рыскулов көчөсүндө жол кырсыгы катталып бир адам каза болду.
Маалыматка ылайык, КIA Optima үйгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип башка машина менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен КIA Optima унаасынын 22 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан. Дагы эки адам жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.