Бишкек-Ош автожолундагы жол кырсыгынан төрт адам каза болуп, дагы алты киши жаракат алды.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан Kia К7 автоунаанасы менен кагышкан.
Кырсыктан 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон. Каза тапкандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда.