• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусиядан Бишкекке эки жаңы аба каттамы ачылды

16 Кулжа 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Красноярск жана Иркутск шаарларынан Бишкекке жаңы туруктуу авиакаттамдар ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Красноярск – Бишкек – Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттамын «Россия», ал эми Иркутск – Бишкек – Иркутск каттамын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат.

Бүгүн, 16-июнда Иркутск шаарынан Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди. Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 4 саат.

Количество просмотров: 369