• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусиядан келген дарыгерлер аймактарда иштешет

29 Теке 2020 9:18 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Орусиядан келген дарыгерлердин бир тобу Ак-Талаа, Ак-Суу райондорундагы ооруканаларда жана Токмоктогу аймактык бейтапканада иштешет. Дагы эки тобу Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберилген. Маалыматка ылайык, алар Кыргызстанга бир айлык мөөнөткө келишкен.

Орусиялык адистер COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт.

23-июль күнү Орусиянын Башкырстан автоном аймагынан хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистиктеги тажрыйбалуу дарыгерлер келген. Алар орус өкмөтүнүн Кыргызстанга гуманитардык жардамы алкагында келишкени кабарланган.

Коронавирус эпидемиясы курчуган июнь-июль айларында медицина кызматкерлери жетишпей, өкмөт медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. Орусияда, Түркияда иштеген айрым кыргызстандык медицина кызматкерлери дарыгерлерге практикалык жардам көрсөтүү максатында өз ыктыяры менен келишкен.

Количество просмотров: 82