• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусиядан өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди

1 Жалган куран 20239:02 Бишкек Govori.TV

Орусиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди. Бул тууралуу 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-мартта Бишкектин эски аянтында техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өтөт.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчү унаалар эки өлкө президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.

1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кытайдан грантка келген 100 даана техниканы тапшырган. Алардын 85и өрт өчүрүүчү автоунаа болгон.

Количество просмотров: 76