• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды

14 Чын куран 202510:18 Бишкек Govori.TV

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чүй облусундагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунун «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келиген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды.

Натыйжада «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк Россияга кайра артка кайтарылды.

Количество просмотров: 150