Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тобу 14-августта Новосибирсктен Өзбекстанга жеткирилди.
«Дуньё» маалымат агенттиги билдиргендей, Өзбекстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жардамы менен Орусиянын Новосибирск, Иркутск, Красноярск жана Владивосток шаарларында кароосуз калган 14 жашка чейинки 8 бала чогултулду.
«Орус тарап керектүү документтерди өз убагында камсыз кылуусу үчүн консулдук бардык күч-аракетин жумшады», — деп билдирди консулдук. Сегиз бала тең Өзбекстанга аман-эсен жетирилген.
Ведомство эмне үчүн балдар ата-энесинин камкордугусуз калганын тактаган жок.
Өткөн айда Өзбекстандын үй-бүлө жана аялдар боюнча комитетинин басма сөз кызматы Орусияда ата-энесинин көзөмөлүсүз калган жети бала мекенине кайтарылганын билдирген.