• Жекшемби 2 Тогуздун айы 2022
  • Воскресенье 2 Октябрь 2022

Орусияга жылдын экинчи чейрегинде 1,5 млн өзбекстандык келди

11 августа 2022 в 12:43 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын экинчи чейрегинде Орусияга иштөө үчүн 3 120 000 киши келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25% көп жана акыркы алты жылдагы рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу «Коммерсантъ» Орусия ИИМине шилтеме жасоо менен билдирди.

Орусия ИИМинин статистикасына ылайык, апрель, май жана июнь айында келген мигранттардын 49,6% – Өзбекстан, 30,5% – Тажикстан жарандары. Алардын 40% Москва жана Москва облусунда иштөө үчүн калган.

Статистикага караганда, Өзбекстандан 1 миллион 544 миң 900 киши, Тажикстандан 953 миң, Кыргызстандан 223,2 миң, Армениядан 108,2 миң, Азербайжандан -79 миң, Беларустан 42 миң, Казакстандан 34,6 миң, Кытайдан 32,2 миң, Украинадан — 28,2 миң, Молдовадан 17,2 миң киши келген.

Количество просмотров: 310

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда