Бишкекте кармалган орусиялык активист Алена Крылова СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Марат Кадыров билдирди.
Анын айтымында, активист Биринчи Май райондук сотунун чечми менен 4-июлга чейин убактылуу кармоочу жайга камалды.
Жактоочу кошумчалагандай, Алена Крылова Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылган. Учурда анын документтери Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде каралууда.
«Биз райондук соттун чечимине каршы чыктык, мыйзамга ылайык, качкын макамы боюнча чечим чыкмайынча ал өлкөдөн чыгарыла албайт», — деди жактоочу.