Азербайжан Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты, мурдагы мушкер Николай Валуевди персона нон грата деп жарыялады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги буга Валуевдин азерилердин дарегине айткан катуу сөздөрү себеп болгонун билдирди.
Баку «Россотрудничество» уюмунун ишин токтотуп, «Орус үйү» деген өкүлчүлүгүн жапкандан кийин депутат Орусиядагы азери диаспорасын жоюуга, бизнесин жана активдерин тартып алууга, виза режимин киргизип, азери жарандарын депортациялоого чакырган.
Азербайжандын тышкы саясий мекемеси Валуевдин сөздөрүн акаарат келтирүүчү жана кабыл алынгыс деп сыпаттады. Аны өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын «кара тизмесине» киргизишти. Тизмеде Мамдуманын дагы эки депутаты бар.
Валуев интервьюлардын биринде Бакунун чечими аны таң калтырганын, тыюунун себеби түшүнүксүз экенин айтып, аны менен талашпай турганын кошумчалады.
Булак: Азаттык.