• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орусиялык спортчулар мелдештерге бейтарап макамда гана катыша алат

29 Жалган куран 2023 11:08 Бишкек Govori.TV

Эл аралык Олимпиада комитети Орусия менен Беларус спортчуларына бейтарап макамда мелдештерге катышууга уруксат берүүнү сунуштады. Чечим 28-мартта уюмдун аткаруу комитетинин Лозаннадагы жыйыны учурунда кабыл алынды.

Орусиялык жана беларусиялык спортчулар таймаштарга төмөнкү шарттар алдында катыша алат:

алар өз өлкөлөрүнүн тууларын, гимндерин жана символикаларын колдонбостон, бейтарап макамда чыгышы керек;
аларга командалык мелдештерге катышууга уруксат берилбейт, жеке гана катыша алышат;
спортчулар Украинадагы согушту колдобошу керек;
спортчулар куралдуу күчтөрдүн же күч түзүмдөрүнүн өкүлү болбоого тийиш.
Бул спортчулар катышкан таймаштарга орус желектерин же бул өлкө менен байланышы бар башка символикаларды алып келүүгө болбойт. Спортчулар кайсы бир өлкөнү эмес, өзүн таанытышы керек.

Бул сунуштар 2024-жылы Парижде жана 2026-жылы Миланда өтө турган Олимпиада оюндарына тиешелүү эмес. Алар боюнча кийинчерээк чечим кабыл алынат.

Количество просмотров: 87