• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусиялыктардын дээрлик жарымы чет өлкөдөн келгендерге жумушун тарттырып жиберип жатабыз деген ойдо

18 Жетинин айы 2021 16:23 Бишкек Govori.TV

Орусиялыктардын дээрлик жарымы чет өлкөдөн келген жумушчулар алардын жумушун «тартып алып жатышат» деген ойдо. Бул тууралуу Бүткүл россиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун (ВЦИОМ) сайтында жарыяланган сурамжылоодо кабарланат.

Андагы маалыматтар боюнча, чет өлкөдөн келген жумушчулар эмгек рыногунда атаандаштыкты жаратып, жергиликтүү тургундардын жумушун «алып» коюшат деген пикирге орусиялыктардын 44% кошулат.

Ал эми иммигранттар жергиликтүү тургундар үчүн эмгек рыногунда тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы менен макул болбогондордун саны 37% түздү.

Респонденттердин жарымынан көбү (56%) иммигранттардын болушунун жагымдуу жактарын белгилешти, анткени алар аз квалификациялуу жана аз акы төлөнүүчү жумуштарда жумушчулардын жетишсиздигин толуктайт.

Иммиграция жалпысынан экономикага оң таасирин тийгизет дегенге 28% кошулат (бул 2005-жылга караганда 8% көп), 24% жарым-жартылай макул, тескерисинче 41% макул эмес (2005-жылы респонденттердин 38%ы).

Белгилей кетсек буга чейин, Москва мэри Сергей Собянин курулуштагы чет өлкөлүк жумушчулардын ордун “башка сапаттагы кишилер” реновация программасы боюнча тандоону тапшырды. Ал мигранттардын ордуна Орусиянын аймактарынан кишилерди тартууну сунуштады. Бирок статистика боюнча жалпы Орусия боюнча эмгек күчү жетишсиз.

«Башка маяна менен, башка сапаттагы кишилер керек. Мигранттар бүгүнкү күндө бизде ансыз деле көп”, — деди Собянин.

Москва мэри бул тууралуу 17-ноябрда борбор калаадагы жаңы көп кабатуу үйдүн курулушу менен таанышып жүргөндө айтты.

Курулуш компаниясынын жетекчиси адискөй жумушчулар бул объектиде 120-150 миң маяна алышарын билдирди. Буга Собянин “бул маяна мигранттар үчүн эмес, москвалыктар үчүн”,- деп жооп кайтарды.

1-ноябрда шаар куруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр Андрей Бочкарев Москва мэриясы шаардагы курулуштарда иштеген чет өлкөлүк жумушчулардан баш тартууну пландап жатканын айткан.

Количество просмотров: 732