• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусиянын аэропортторунда 400дөн ашуун каттам убактылуу токтотулду

7 Теке 202511:59 Бишкек Govori.TV

Орусиянын негизги үч аэропортунда – Москвадагы Шереметьево, Санкт-Петербургдагы Пулково жана Нижный Новгороддогу Чкалов аба майданында 6-июлда кечке жуук 400дөй рейс кармалып турду. Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министрлиги кабарлады.

Мекеме мындай чектөө украиналык дрон чабуулу маалында жана катаал аба ырайы шартында учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн киргизилгенин түшүндүрдү.

Шереметьеводо 171 каттам токтотулуп, 56сы эки сааттай кечигип учкан. Пулководо 90 каттам токтотулуп, 37си кармалган. Нижный Новгороддо 26 каттам токтотулса, 13ү кечигип учкан. Транспорт министрлиги билдиргендей, Чкалов аэропортундагы учактар мындан да көбүрөөк чектөөгө кабылган.

Мекеме кырдаал көзөмөлдө жана авиакомпанияларда кыйын кырдаалда иштөөгө мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин кошумчалаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 89