Август айына карата Орусиянын «кара тизмесине» кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.
Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп.
Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.
Быйыл майда Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.
Миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн ачылган.