Бишкек. 05.01.18 Govori.TV
Ош шаарында коюуу тумандан учактар уча албай жатышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлайт.
Басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош аэропортунда коюуу тумандан эртен мененки саат 9 дан бери учактар уча элек жана башка учактар келип конгон эмес.
Рейстер тууралуу маалыматты Ош аэропортунун 0-3222090-101 телефону аркылуу чалып билсе болот.