Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркагандар курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-майда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.
«Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды. Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат»,-деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.