• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады

10 Бугу 2024 16:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда тооктун жумурткасын импорттоого убактылуу — алты айга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, токтом долбоорунун максаты, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу болуп саналат.

“Кыргызстанда акыркы эки жылда канаттууларды өстүрүүдө интенсивдүү өсүш байкалып, жумуртка чыгарууда жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсе өстү. Мындан тышкары жай-күз мезгилинде үй чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн олуттуу өсүшү байкалат. Ушуга жараша бул мезгилде жумуртканын сактоо мөөнөтү кыскарат жана жумуртка кампаларда ашыгы менен толот. Ошондой эле бул мезгилде талапка ылайык сактоого жатпаган, азык-түлүк коопсуздугунун сапаты талапка ылайык жооп бербеген тооктун жумурткасын өлкөгө ташып келүү коркунучу күчөйт. Ветеринардык көзөмөл начар болгон өлкөлөрдөн тооктун жумурткасын ташып келүү (импорт) калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган куш тумоосу жана сальмонеллез сыяктуу инфекциялардын жана оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн”, – деп айтылат токтом долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Количество просмотров: 86