• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош аэропортунда 14 млн сомдук алтындарды алып кирүүгө бөгөт коюлду

1 Бештин айы 202516:03 Бишкек Govori.TV

«Ош» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринен мыйзамсыз ташылып келген 13,9 млн сомдук алтындар табылган.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ташылып келген буюмдардын тиешелүү коштомо документтери жок болуп чыккан. Алтын буюмдардын арасында билерик, чынжырча жана сөйкөлөр бар.

Аталган мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарларды жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Количество просмотров: 97