• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

УКМК кызматкерине алтын сунуштаган шектүү кармалды

26 Бирдин айы 20269:19 Бишкек Govori.TV

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февралда УКМК тарабынан иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн атайын кызматтын кызматкерине пара катары алтын куймаларын берүү фактысы аныкталган.

«Жалпы салмагы 200 граммды түзгөн 2 даана алтын куймасын берип жаткан учурда 1978-жылы туулган Д.Р.Е. аттуу жаран кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 212