• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ош аэропортунда да эвакуация жүрүп жатат

5 Бирдин айы 201920:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.02.2019.Govori.TV.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, «Ош» аэропортунда жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат 5-февраль күнү, саат 18:46да келип түшкөн. Учурда аэропорттогу жүргүнчүлөрдү жана кызматкерлерди эвакуациялоо жүрүп жатат.

Буга чейин бүгүн саат 15:09да «Манас» аэропортуна жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түшүп, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланган. УКМК кызматкерлеринин иликтөөсүнөн кийин аба майданынын иши саат 17:40та кайра жанданды. Эвакуацияланган адамдар эки сааттан ашуун убакыттан соң имаратка кайра киргизилди. Бирок издөө-иликтөө иштери уланууда.

Жагдайдан улам саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам кечигип учмай болду. Жадыбалга ылайык, саат 18:05те Новосибирскиге, 18:45те Ошко, 19:50дө Красноярскиге, 20:15те Алматыга жөнөчү каттамдар бар.

Количество просмотров: 23