• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош-Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

3 Чын куран 202514:52 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 28-майынан баштап Ош-Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирет.

Маалыматка ылайык, каттамдар Air Astana авиакомпаниясы тарабынан жумасына төрт жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.

Жүргүнчүлөр ыңгайлуу шарттарды, тейлөөнүн жогорку деңгээлин жана негизги эл аралык хабдарга — Дели, Мумбай, Сеул, Пхукет, Бангкок, Дананг жана башка көптөгөн багыттарга ыңгайлуу уча алышат.

«Бул аба байланышын өнүктүрүүдөгү жаңы кадам, саякатка, бизнеске жана жакындары менен жолугушууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 222