• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК эттин баасын көтөргөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти

18 Жетинин айы 202511:08 Бишкек Govori.TV

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарын сактоо максатында, КР УКМК тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда эт азыктарын саткан ири чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 11-августунан тартып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык эттин 1 килограммы үчүн болгон баа 790 сомдон ашпашы керек.

Маалыматта айтылгандай, баарлашуу учурунда ишкерлерге белгиленген өкмөттүк эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле эт азыктарына жасалма түрдө бааларды көтөрүү жана эттин бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарына баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары өзгөчө баса белгиленди.

УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана зарыл болгон товарлардын баасынын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Мындан тышкары, УКМК эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертет.

Количество просмотров: 111