• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош базарында рейд учурунда 65 жаран кармалды

7 Аяк оона 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Ош базарынын айланасында жүргүзүлгөн рейд учурунда коомдук тартипти бузган 65 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Кулиев, Пушкин, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүндө жана базардын айланасында жүргүзүлүп, кармалган жарандар Ленин районунун милиция бөлүмүнө жеткирилди.

«Кармалгандар ичкилик ичип, ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузуп келишкен. Айрыкча кечкисин ошол көчөлөрдөн жөө өтүү шаар тургандарына жана мектеп окуучуларына коркунуч болуп келген. Жарандардын толук аты жөнү такталып, эмне кылып жүргөндүгү, туруктуу жашаарга үй-жайы бар же жок экендиги аныкталып, андан ары мыйзамга ылайык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 942