• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош базарынын кире беришинде арзан баада эт саткан дүкөн ачылды

4 Бештин айы 202510:31 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Ош” базарынын кире беришинде арзандатылган баада эт саткан социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул райондун аймагында экинчи социалдык эт сатуучу түйүн болуп саналат. Жаңы социалдык эт дүкөнүндө шаар тургундарына уй, кой жана тай эттери базар баасынан кыйла арзан жана жеткиликтүү баада сунушталууда:

  • Уй эти — 660 сомдон;
  • Жылкы эти — 660 сомдон ашпайт.

Жарандар этти керектеген өлчөмдө сатып ала алышары белгиленди.

Социалдык долбоор калкка сапаттуу, коопсуз жана капчыкты үнөмдөгөн эт продукциясын сунуштоо, ошондой эле эт базарындагы баанын туруктуулугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

«Бул иштер министрлер кабинетинин эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча кабыл алган чечимдерине ылайык, өлкө аймагында эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоо багытында жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 149