• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошко кар тазалоочу жаңы техникалар сатылып алынды

17 Тогуздун айы 202515:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл биринчи жолу мэрдин демилгеси менен шаар тротуарларын тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Мэр Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, иштөөсүн сынап көрдү.

Кышында Ош шаарындагы көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды “Тазалык” ишканасы, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” жана шаардык жолдор башкармалыгы тейлейт.

Количество просмотров: 136