• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

26 Баш оона 202515:03 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда Ош ОИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча КР УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБнүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери милициянын майору «М.З.У.» тарабынан жалпы өлчөмү 40 000 сомду түзгөн акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы аныкталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2025-жылдын 20-августунда Ош ОИИБ БМЖККК улук ыкчам кызматкери, милициянын майору М.З.У., У.Т. аттуу жарандын канынан баңги затын колдонуунун издери табылгандыгын шылтоолоп, У.Т.дан наркологиялык экспертизанын корутундусун өзгөртүп, иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 40 000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында М.З.У. 30000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, КР КЖК 96 жана 97-беренелерине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 129