• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ош менен Жалал-Абадда эки жолу жер титиреди

31 Теке 20239:48 Бишкек Govori.TV

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу а/а Аркыт айылында жана Кара-Суу а/а Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошол эле күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Калжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 133