• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош менен Жалал-Абадда жер титиреди

18 Бирдин айы 20229:12 Бишкек Govori.TV

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-февралында саат 07:32де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 17-февралда саат 16:11де Жалал-Абад облусунун аймагында дагы бир жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылында жана Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 137