• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош мэриясы жарандарды тез бузулуучу тамак-аш азыктарын сатып алууда этият болууга чакырат

3 Бугу 202211:44 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутка ичинде Ош шаарында аба ырайынын ысык болушунан улам тамак-ашка уулануу фактылары катталды.

Буга байланыштуу Ош мэриясы жарандардан тез бузулуучу тамак-аш азыктарын, өзгөчө сүт жана кондитердик азыктарды сатып алууда этият болууну өтүнөт.

“Продукциянын мөөнөтүнө, сапатына жана тиешелүү уруксат кагаздарынын болушуна сөзсүз көңүл буруу керек», — деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, Ош облусунда таттуу токочтон 35 адам ууланган.

Количество просмотров: 201