• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Вино сактаган жайдан бир адам каза болуп, экөө ууланган

2 Аяк оона 202414:05 Бишкек Govori.TV


31-августта Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан вино сактоочу жайдагы 10 тонналык идиштерди тазалап жатып, Чоң-Талаа айылынын 51 жаштагы жана 28 жаштагы тургуну ууланып, дагы бир 28 жаштагы жаран ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маркумдун жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, жансыз денени ооруканадан алып кетишкен.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 190