• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ош мэриясында «NUR TV» телеканалынын оператору сабалды

28 Бирдин айы 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун кабылдамасында «NUR TV» телеканалынын оператору сабалды. Маалыматты Govori.TVга аталган каналдын редактору Мээрим Абдилажанова тастыктады.

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 11:30дар чамасында болгон.

«Биздин кызматкерлер вице-мэр Жасур Азимовдон интервью алганы барышкан. Кабылдамада дагы башка эки киши күтүп отурган. Бейтааныш адамдар журналисттердин алардан биринчи кирип маек алуу өтүнүчүн четке кагып, кезек күтуп турган кызматкерлерибизге орой мамиле жасашкан. Оператор алардан сөгүнбөөнү суранганда ага кол көтөрүшкөн. Учурда медициналык кароодон өтүп жатат, милицияга арыз жазылды. Алардын ким экени тактала элек»,-деди Абдилажанова.

Количество просмотров: 77