• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ош облустук соту «Женгону» актаган чечимди күчүндө калтырды

22 Теке 2022 18:07 Бишкек Govori.TV

Ош облустук соту Кара-Суу райондук сотунун кылмыштуу топтун лидери делген Кадырбек Досоновду актаган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Женго» деген каймана ат менен белгилүү Досонов боюнча мындай чечим облустук сотто 21-июлда чыккан.

Быйыл 14-июнда Кара-Суу райондук соту “жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу” деген негизде Досоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Жерди мыйзамсыз басып алуу” беренеси боюнча козголгон ишти кыскарткан. Ал эми “Кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштыруу” беренеси боюнча “кылмыш курамы жок” деп акталан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылдые 11-февралында «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов кармалганын кабарлаган. Ага 2020-жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Кийин кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылган. УКМК Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирген.

Количество просмотров: 334