• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош облусунда 9 карышкыр жана 1 чөө атылды (сүрөт)

26 Жетинин айы 202115:58 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда мал-жандыкка кол салган карышкырлар атылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Экология жана Климат мамлекеттик комитетинин Ош аймактык бөлүмүнүн аңчылары тарабынан Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө 5 карышкыр 1 чөө атылган. Ошондой эле Алай районунун тоолуу аймактарында 4 карышкыр атылган.

Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алайкуу өрөөнүнүн эли менен жолугушкан. Жыйында тургундар мал-жандыктарга карышкырлар кол салган учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул көйгөйдү чечип берүүнү суранышкан.

Количество просмотров: 647