Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынан карышкырдын ургаачысы атылып, бөлтүрүктөрү алынды. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чий айылынын тургундары карышкырлар койлоруна кол салып, тынчтык бербей жатканынан улам мергенчилерге кайрылышкан. Жаныбек Сакаев жана Турат Мамбетсадыков аттуу мергенчилер карышкырларды аңдууга алышкан.
Ак-Чий айылынын Май-Булак деген жеринде карышкырдын ургаачысын атып алышкан. Аны менен кошо карышкырдын уясынан 11 бөлтүрүк алынды. Бул карышкырдын дөбөтү мергенчилердин келгенин сезип, жашынган жеринен чыкпай койгон.
Соцалдык тармакка тараган видео коомчулуктун боорун ачытты. Анда майда бөлтүрүктөр өлгөн энесин эмип жатканы тартылган.